Израилдик министрдин чуулгандуу вакцина буйругу

Бул тууралуу Haaretz гезитинде кабар орун алган.

1552982
Израилдик министрдин чуулгандуу вакцина буйругу

Израилдин коомдук коопсуздук министри Амир Охана Израилдин түрмөлөрүндөгү палестиналык «коопсуздук» туткундарына «Коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19)каршы вакцина эмдебегиле» деп буйрук бергени белгилүү болду.

Haaretz гезитинде орун алган жаңылыктарда Саламаттык сактоо министрлигинин жоболоруна карабастан, Охананын өткөн жумада Израилдин түрмөлөрүндөгү «коопсуздук» туткундарына Ковид-19 вакцинасын бербөө боюнча тиешелүү мекемелерге көрсөтмө жөнөткөнү айтылган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин кармалгандар Израилдеги Ковид-19га каршы эмдөөдөн өтө турган экинчи топтун бөлүгү экендиги жөнүндөгү жобосуна карама-каршы келип, Охананын абактын кызматкерлерин гана эмдөөгө буйрук бергендиги айтылды.

Кабарда коомдук коопсуздук министрлиги жиберген көрсөтмөдө «палестиналык» деген сөз айтылбаганы баса белгиленди, бирок палестиналыктардан башка Израилдин түрмөлөрүндө «коопсуздук» туткундары жок экендиги айтылган.

Израилдин түрмөлөрүндөгү палестиналыктардын көпчүлүгү «коопсуздук» туткундарынын катарына кирет.



Тектеш кабарлар