ЙПГ/ПКК Айн Иса аймагында Орусиянын аскердик бекетин таш бараңга алды

ЙПГ/ПКК, Айн Исадагы демонстрация үчүн башка калктуу конуштардан унаалар менен жактоочуларын жана жарандык кийимчен уюмдун мүчөлөрүн ташыган.

1552576
ЙПГ/ПКК Айн Иса аймагында Орусиянын аскердик бекетин таш бараңга алды

Жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК, Сириянын түндүгүндөгү Айн Иса аймагын Башар Асад режимине калтырууну талап кылган  Орусияга аскердик бекетти таш бараңга алуу менен жооп кайтарды.

ЙПГ/ПКК, Айн Исадагы демонстрация үчүн башка калктуу конуштардан унаалар менен жактоочуларын жана жарандык кийимчен уюмдун мүчөлөрүн ташыган.

Аймактын борборунда орус аскерлери коопсуздук пункту катары колдонгон мектептин алдына топтолгон калың топ, Түркия менен Россияга каршы ураандарды чакырган.

Орусияны ЙПГ/ПККдан Айн Исаны тартып алууга аракет кылып жатат деп айыптап, аскер бекетин таш бараңга алышты.

Орус жоокерлери окуяларга кийлигишкен жок.



Тектеш кабарлар