Дүйнөдө коронавирус...

Коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны дүйнө жүзү боюнча бир миллион 765 миң 872ден ашты.

1552623
Дүйнөдө коронавирус...
Almanya Kovid süper.jpg
KORONA SÜPER
SÜPER FOTO koronavirus aşı.jpg

Коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны дүйнө жүзү боюнча бир миллион 766 миң 360тан ашты. Вирус жуктуруп алгандардын саны 80 миллион 790 миң, ал эми айыккандардын саны 57 миллион 790 миң болду.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дан каза болгондордун саны 339 миң 921, өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 19 миллион 433 миң деп катталды.

Бразилияда Ковид-19дан каза болгондордун саны 190 815ке жетти. Өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 7 миллион 465 миңге чейин көбөйгөн.

Мексикада эпидемиядан улам каза болгондордун саны 122 миң 26га, ал эми жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 377 миңге жетти.

Италияда өмүрүнөн айрылгандардын саны 71 620га чейин көбөйдү. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 2 миллион 38 миң.

Англияда вирустан көз жумган адамдардын саны 70 миң 405ке жетти. Өлкөдө вирус жуктурган учурлардын саны 2 миллион 256 миң болду.

Францияда вирустан каза болгондордун саны 62 миң 573, ал эми жуктургандардын саны 2 миллион 550 миң.

Испанияда Ковид-19дун айынан көз жумган адамдардын саны 49824 болгон. Өлкөдө оорулардын саны бир миллион 869 миңге чейин көбөйгөн.

Германияда эпидемиялык жоготуу 30 миң 157ге, ал эми илдетке чалдыккандардын саны 1 миллион 643 миңге чейин көбөйгөн. Өлкөдөгү биринчи Ковид-19 вакцинасы 101 жаштагы Эдит Квойзаллага эмделген.

Эпидемиянын кесепетинен 8 миң 279 адам каза болгон Швецияда коронавируска каршы биринчи вакцина карылар үйүндө жашаган 91 жаштагы адамга берилди.

Ковид-19дан улам кээ бир башка өлкөлөрдө каза болгон адамдардын саны төмөнкүчө:

Аргентина (42 миң 501), Колумбия (41 миң 943), Перу (37 миң 414), Польша (27 миң 61), Бельгия (19 миң 158), Украина (17 миң 774), Чили (16 миң 404), Румыния (15 миң 108), Канада (14 миң 800), Эквадор (13 миң 990), Нидерланды (10 миң 970) жана Чехия (10 миң 950).



Тектеш кабарлар