Коронавирустун чыгыш өлкөлөрүндөгү жайылышы

Индияда Ковид  - 19дан 147 379 киши каза болуп, вирус жугузган киши саны 10  миллион 169 000 деп белгиленди.

1552265
Коронавирустун чыгыш өлкөлөрүндөгү жайылышы

Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны 1 миллион 758 759дан ашты. Бейтап саны 80  миллион 259 000ге, айыккандардын  саны 56 миллион 521 000ден жогорулады.

Индияда Ковид  - 19дан 147 379 киши каза болуп, вирус жугузган киши саны 10  миллион 169 000 деп белгиленди.

Эпидемиядан улам ушул кезге чейин 311 киши каза болгон Газа тилкесинде бейтап саны 37 583кө жогорулады.

Тунисте вирустан улам каза болгондордун саны 4 385ке жогорулады. Өлкөдө бейтап саны 128 578 болду.

Японияда коронавирустан улам каза болгондордун саны 3 198ге, бейтап саны да 215  265ке жогорулады. Премьер  - министр Йошихиде Суга көбөйүп бара жаткан бейтап саны боюнча элди эскертти жана : «Жыл аягын тынч жана жаңы жылды жакшы тосууңуздарды каалаймын»,- деди.

Түштүк Кореяда вирустан улам каза болгондордун саны 793кө жетти. Өлкөдө бейтап саны да 55 902ге жогорулады.

Кытайда 24 саатта 20 жаңы учур катталды алардын ичинен 12 киши өлкө тышынан келгендиги такталды. Ал эми вирустан улам өлүм  - житимдин болбогондугу билдирилди. Ковид  - 19 ортого чыккан Кытайда ушул кезге чейин 4 634 киши каза болуп, 86 933 бейтап аныкталды.

Эпидемиядан улам 245 киши каза болгон, 6 488 бейтап болгон Малиде март айында качырылган жана октябрь айында эркин койо берилген 71 жаштагы оппозиция лидери Сумаила Жиссе вирустан улам каза болду.

Ковид  - 19дан улам  кээ бир өлкөлөрдө каза болгондордун саны төмөнкүчө болду : Иранда 54  440, Россияда 54 226, Түштүк Африкада 26 276, Индонезияда 20 847 жана Иракта 12 755.

Түндүк Кипр Түрк Республикасында жаңы жылдан мурда жаңы тип коронавируска карата көрүлгөн чаралардын негизинде жаңы чаралар көрүлдү. Ушуга караганда 2020 -  жылдын 28 -  декабрынан тарта жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:00дөн тарта кафе, ресторан, чач тарач, сулуулук борборлору, спорт залдары иштерин токтотот. Көчөдө жана жабык жерлерде өткөрүлө турган жаңы жылдык майрамдар менен түрдүү иш чаралар 2021 -  жылдын  4 -  январына чейин өткөрүлбөйт.



Тектеш кабарлар