Афганистанда бомбалуу кол салуу болду
Кол салууда бриданын командири менен коопсуздук кызматкери каза болду.
Афганистандын түндүгүндөгү Белх аймагында болгон бомбалуу кол салууда бир бригаданын командири жана коопсуздук кызматкери каза болду.
Өлкөнүн түндүгүндөгү 209 - Шахин корпусунун командирлигинен берилген маалыматта Белхтин Чарбулак шаарында жол жээгине жайгаштырылган бомбанын 209 - Шахин корпусунун командирлигинин алтынчы батальону, экинчи бригаданын командири Мухаммед Касым Пайкардын унаасы аймактан өтүп бара жатканда жарылгандыгы билдирилди.
Кол салууда Пайкар менен бир коопсуздук кызматкеринин каза болгондугу белгиленген маалыматта 2 коопсуздук кызматкеринин да жаралангандыгы маалымдалды. Кол салууну азырынча эч ким моюнга ала элек.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.