Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Индияда Ковид  - 19дан 147 128 киши каза болуп, вирус жугузган киши саны 10  миллион 147 468 деп белгиленди.

1551831
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны 1 миллион 751 735 тен ашты. Бейтап саны 79  миллион 853 000ге, айыккандардын  саны 56 миллион 247 000ден жогорулады.

Индияда Ковид  - 19дан 147 128 киши каза болуп, вирус жугузган киши саны 10  миллион 147 468 деп белгиленди.

иранда Ковид  - 19дан улам каза болгондордун саны 54 440ка жетти. Өлкөдө вирус жугузгандардын саны 1 миллион 189 203кө жогорулады. 

Россияда коронавирустан каза болгондордун саны бир күндө 563кө көбөйүп, 53 659га жетти. Өлкөдө ошол эле убакытта бейтап саны 29 000ге көбөйүп 2 миллион 992ге жогорулады. 

Африкада Ковид  - 19 эң көп болгон өлкө болгон Түштүк Африка республикасында акыркы 24 саатта 326 кишинин каза болушу менен Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 25 963кө жетти. Өлкөдө коронавирус бейтап саны 14 305ке көбөйүп 968 563кө жогорулады. Түштүк Африка республикасы Ковид  - 19дун мутацияга учураган абалынын мурункусуна караганда дагы ылдам жайылгандыгын жарыялаган. Маалыматтан кийин араларында Түркия да болгон кээ бир өлкөлөр Түштүк Африкага учак каттамдарын токтоткон.

Ковид  - 19дан улам Алжирде 9, Кувейтте 2 киши дагы каза болду. Акыркы маалыматтар менен вирустан каза болгондордун саны Алжирде 2 705, Кувейтте 926га жетти.

Японияда Ковид  -19дан каза болгондордун саны 3050, вирус жуккан киши саны да 206 139 деп билдирилди. Өкмөт  жаңы тип коронавирустун мутациясынын жайылышына тоскоол болуу үчүн Британия менен учак каттамдарына убактылуу тыюу салган.

Ковид  - 19дан улам Индонезияда каза болгондордун саны 20 589, Иракта 12 744, Пакистанда 9 753, Бангладеште 7 378 болду.



Тектеш кабарлар