ЙПГ/ПКК Сириянын түндүк-чыгышындагы Хасекеде жүздөгөн жаштарга күч менен курал карматууда

Террористтер кармалган жаштарды өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Хасекедеги жалган окуу лагерлери деп аталган жерге алып барышат.

1550734
ЙПГ/ПКК Сириянын түндүк-чыгышындагы Хасекеде жүздөгөн жаштарга күч менен курал карматууда

Жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК акыркы эки жумада Сириянын түндүк-чыгышындагы Хасеке провинциясында жүздөгөн жаштарга күч менен курал карматты.

Буга чейин ушул сыяктуу тажрыйбаларды жүргүзүп келишкен террористтер акыркы 2 жумада Хасеке шаарынын борборунда жана Камышлы районунун борборунда үйлөргө жана өткөрүү пункттарына жасаган тинтүүлөрүндө 18 жаштан жогорку жүздөгөн эркек кишилерди кармап кетишкен.

Террористтер кармалган жаштарды өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Хасекедеги жалган окуу лагерлери деп аталган жерге алып барышат.

ЙПГ/ПККнын жаштарды күч менен тартуу аракети M4 трассасында Айн Иса аймагынан «Тынчтык булагы» операциясынын аймагына акыркы убактарда тийишип ок аткан жана кирүүгө аракет кылган ЙПГ/ПКК террористтерин бутага алган Сириянын Улуттук армиясынын жоокерлери менен дал келгени көңүлдү бурду.

ЙПГ/ПКК террористтери июль айынын биринчи жумасында Хасекеде 18-35 жаштардагы 400гө жакын кишини кармады жана курал менен коркутуп өз катарларына кошкон.



Тектеш кабарлар