Еврей отурукташуучулар палестиналыктардын үй жана унааларына кол салды

Еврей группа аймактын кире беришин жаап, Израиль желегин илишти жана Палестинапга каршы ураандарды жаадырышты.

1550623
Еврей отурукташуучулар палестиналыктардын үй жана унааларына кол салды

Көп сандаган еврей отурукташуучу басып алган Батыш Шерианын түрдүү аймактарында палестиналыктарга таандык үй жана унааларга кол салды.

Көргөн күбөлөрдөн алынган маалыматка караганда бир группа еврей Бейтүллахимдин чыгышындагы Бейт Скаря аймагында палестиналыктардын үйлөрү менен унааларына таштар менен кол салды. Окуяда кээ бир унаалар чыгымга учурады.

Еврей группа аймактын кире беришин жаап, Израиль желегин илишти жана Палестинапга каршы ураандарды жаадырышты.

Еврей отурукташуучулар өзгөчө Наблустун түштүгүндөгү Авартада жана Наблус  - Калкиля жолунда палестиналыктардын унааларына таштар менен кол салды. Бул кол салууларда да көп сандаган унаа чыгымга учурады.

Палестинанын президенттигинин катчысы Небил Эбу Рудейн берген жазуу түрүндөгү маалыматында бул кол салууларды айыптады жана булардын көптөгөн жарандын жараланышы менен унаалардын чыгымга учурашына себеп болгондугун белгиледи.



Тектеш кабарлар