ДСУ; Ковид-19дун мутациясы...
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму (ДСУ) Ковид-19дун мутациясыга учураганын жарыялады.
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму (ДСУ) буга чейин Англияда пайда болгон коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) Нидерландия, Дания жана Австралияда дагы табылганын жарыялады.
ДСУнун билдирүүсүнө ылайык, ушул айдын башында Нидерландияда жасалган сыноолордун өлкө тургундарынын Ковид-19 мутациясын аныктаганын маалымдаган. Мутация Данияда жана Австралияда дагы аныкталганы белгиленди.
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунан (ДСУ) Мария Ван Керхове Би-Би-Сиге билдиргендей, эксперттер «эпидемия башталгандан бери дүйнө жүзү боюнча мутацияларды байкап келишкенин» айтты.
Англиянын түштүк-чыгышында жаңы, тезирээк тараган Ковид-19 түрү табылды. Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана бир топ окумуштуулар жасаган билдирүүдө табылган жаңы түрдүн 70 пайызга жугуштуу экендиги кабарланды.