Ковид-19дун дүйнө жүзүнө жайылуусу токтой элек,өлкөлөр элди эмдөөнүн камын көрүшүүдө...

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгон адамдардын саны 1 миллион 694 миң 217ден ашты.

1548621
Ковид-19дун дүйнө жүзүнө жайылуусу токтой элек,өлкөлөр элди эмдөөнүн камын көрүшүүдө...
covid -19.jpg
covid SPR ölüm.jpg
covid test.jpg
abd covid kovid.jpg
super covid 19 guney afrika

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгон адамдардын саны 1 миллион 694 миң 217ден ашты. Жуктуруп алгандардын саны 76 миллион 736 миңден, ал эми айыккандардын саны 53 миллион 863 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дан адамдардын өлүмү 323 миң 404 болгон. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 18 миллион 78 миң деп катталды. АКШда коронавирус вакциналарын жайылтууга жооптуу генерал Густав Перна, январь айынын биринчи жумасына чейин штаттарга жалпысынан 20 миллион вакцина таратыларын айтты. Ошол эле учурда, Азык-түлүк жана дары-дармек менен камсыздоо башкармалыгы Германиянын BioNTech биотехнологиялык компаниясы жана Американын фармацевтикалык компаниясы Pfizer тарабынан иштелип чыккан коронавирустук вакцинага аллергиялык реакцияны иликтеп жаткандыгын жарыялады.

Италияда эпидемиядан улам каза болгондордун саны 68 ​​миң 447ге жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 938 миңди түздү.

Англияда вирустун айынан адам өлүмү 67 миң 75ке чейин жогорулады. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 2 миллион 4 миң. Премьер-министр Борис Жонсон өлкөдө тезирээк жайылып жаткан коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) пайда болгондон кийин, Лондондо жана анын айланасында чектөөлөрдү күчөтүп, үй-бүлөлөрдүн Рождество майрамына чогулушуна тыюу салуу чечими кабыл алынгандыгын жарыялады жана элден үйдө отурууну суранды. Борбор калаа Лондондо Ковид-19 иш-чараларынын алкагында катаал чектөөлөр колдонулат деген жарыядан кийин, соода кызуу жүрдү. Нидерландия бул өлкөгө каттамдарды 2021-жылдын 1-январына чейин, Улуу Британияда тезирээк жайылганы айтылган Ковид-19 мутациясы аныкталгандан кийин токтоткон. Бельгиянын премьер-министри Александр Де Кру да Улуу Британияда коронавирустун жаңы түрү пайда болду деген билдирүүдөн кийин бул өлкө менен аба жана темир жол транспортун кеминде 24 саатка токтотобуз деп билдирди.

Францияда эпидемиянын кесепетинен адам өлүмү 60 миң 418ге чейин жогорулады. Вирус аныкталган адамдардын саны 2 миллион 460 миңге чейин көбөйдү.

Эпидемиянын айынан көз жумган адамдардын саны Испанияда 48 миң 926 болду. Өлкөдө жуктургандардын саны 1 миллион 817 миңге чейин көбөйгөн.

Бразилияда 186 миң 356 адамдын өмүрүн алган вирус ушул күнгө чейин 7 миллион 213 миң адамда байкалды. Президент Жаир Болсонаро Бразилиянын Жогорку Сотунун (STF) Ковид-19 вакцинасын айрым учурларда милдеттүү түрдө жасоо чечимин айыптап, бул вакцинага ишенбестигин билдирди.

Швейцарияда вирустун айынан каза тапкандардын саны 6 миң 602ге жетти. Өлкөдө жуктургандардын саны 403 миң 989га чейин көбөйгөн. Швейцарияда дарылоо жана ден-соолук жаатындагы эрежелерди жөнгө салган Swissmedic, Pfizer жана BioNTech тарабынан иштелип чыккан Ковид-19 вакцинасын жактырды. Ошентип, Швейцария Улуу Британияда, Канадада жана АКШда «шашылыш пайдаланууга» уруксат берилген Pfizer жана BioNTech вакциналарын «стандарттык процедураларда» жактырган биринчи өлкө болуп калды.

Ковид-19дан улам кээ бир башка өлкөлөрдө каза болгон адамдардын саны төмөнкүчө:

«Мексика (117 миң 876), Аргентина (41 миң 763), Колумбия (40 миң 268), Перу (37 миң 34), Германия (26 миң 414), Польша (25 миң 254), Бельгия (18 миң 545), Украина (16 миң 469), Чили (16 миң 101), Румыния (14 миң 296), Канада (14 миң 154), Эквадор (13 миң 948), Нидерландия (10 миң 459) жана Чехия (10 миң 271)»

Индияда Ковид-19дан улам каза болгондордун саны 145 миң 559га жетти. Өлкөдө жуктуруп алгандардын саны 10 миллион 35 миңге чейин көбөйгөн.

Иранда Ковид-19дан улам каза болгон адамдардын саны акыркы сутка ичинде 177ге көбөйүп, 53 миң 625 адамга жетти. 6 миң 312 жаңы учур аныкталган өлкөдө, ооруну жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 158 миң 384кө жетти.

Эпидемиянын айынан Орусияда 50 миң 858 адам каза болду. Өлкөдө вирус жуктургандардын саны 2 миллион 848 миңди түзгөн.

Египетте Ковид-19дан улам 7 миң 69 адам каза болду. Өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 124 миң 891ге чейин көбөйгөн. Туризм министрлиги Коронавирус эпидемиясынын жаңы түрүнө байланыштуу Жаңы жыл алдындагы иш-чаралар өлкө боюнча жокко чыгарылганын билдирди.

Эпидемиянын кесепетинен 3 миң 74 адам каза болгон Израилде жуктургандардын саны 372 миң  886га чейин көбөйгөн. Премьер-министр Беньямин Нетаньяху жана Саламаттык сактоо министри Юли Эдельштейн түз эфирде Pfizer жана BioNTech тарабынан иштелип чыккан коронавирустун жаңы түрүнө каршы вакцинаны эмдедитишти. Нетаньяху ушул айдын аягында «миллиондогон» доза вакцинанын өлкөсүндө боло турганын билдирди. Нетаньяху бардык израилдиктерди Ковид-19 вакцинасын алууга чакырып: "Мен сизге эмдөөгө үндөө жана үлгү көрсөтүү үчүн биринчи вакцинаны мага жана саламаттык сактоо министри Юли Эдельштейнге жасалышын өтүндүм»,-деп айтты.  Экинчи жагынан, өлкөдө бүгүн эртең менен башталган массалык эмдөөнүн алкагында Pfizer жана BioNTech тарабынан иштелип чыккан Ковид-19 вакцинасы биринчи кезекте саламаттыкты сактоо кызматкерлерине жасалат. Израилдин администрациясы мутациянын аныкталгандыгына байланыштуу Англия, Дания жана Түштүк Африкадан келген чет өлкөлүктөрдүн өлкөгө кирүүсүнө тыюу салган, бул коронавирустун жаңы түрү Улуу Британияда тезирээк жайылганы айтылган. Бул өлкөлөрдөн кайтып келе жаткан израилдиктер карантин борборлору катары колдонулган мейманканаларда 10 күндөн 14 күнгө чейин болууга жана өлкө аймагына кирүүдө Ковид-19 тестин тапшырууга милдеттүү.

Ковид-19дун айынан Малайзияда 433 адам каза болду. Өлкөдө оорулардын саны 91 миң 969га чейин көбөйгөн. Малайзия коронавируска каршы вакцинаны Улуу Британияда жайгашкан AstraZeneca фармацевтикалык компаниясынан сатып алаарын жарыялады.

Африка континентинде эпидемиянын айынан көз жумган адамдардын саны 448ге көбөйүп, 58 миң 855ке жетти. Акыркы 24 саатта континент боюнча жуккан адамдардын саны 21 миң 317ге көбөйүп, 2 миллион 504 миң 960ка жетти. Ковид-19дан эң көп жоготуулар 24 миң 539 менен Түштүк Африка Республикасында катталган. Мароккодо 6 миң 909 адам каза болду.



Тектеш кабарлар