Чыгыш өлкөлөрүндө Ковид-19 боюнча акыркы көрсөткүчтөр

Дүйнө жүзүндө Коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгон адамдардын саны 1 миллион 657 миң 940тан ашты.

1547308
Чыгыш өлкөлөрүндө Ковид-19 боюнча акыркы көрсөткүчтөр

Дүйнө жүзүндө Коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгон адамдардын саны 1 миллион 657 миң 940тан ашты. Жуктуруп алгандардын саны 74 миллион 654 миңден, ал эми айыккандардын саны 52 миллион 479 миңден ашты.

Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Ковид-19дан улам каза болгондордун саны 144 миң 495ке жетти. Өлкөдө жуктуруп алгандардын саны 9 миллион 951 миң 962ге чейин көбөйгөн.

Кечээ Иранда Ковид-19дан каза болгондордун саны 52 миң 883тү түздү. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 1 миллион 131 миң деп катталды.

Россияда эпидемиядан улам каза болгондордун саны 49 миң 151 болду. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 2 миллион 762 миңге чейин көбөйгөн. Президент Владимир Путин азырынча вакцина ала электигин, шарт түзүлгөндө орусиялык Sputnik V вакцинасын алаарын айтты. Sputnik Vнын коопсуз жана натыйжалуу экендигин айткан Путин бардык жарандарды кечиктирбестен эмделүүгөө чакырды.

Түштүк Кореяда акыркы сутка ичинде 22 адам көз жумгандыктан, вирустун айынан каза болгондордун саны 634кө жетти. Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында бир миң 14 учур аныкталып, оорулардын саны 46 миң 453кө көбөйгөн.

Кытайда ушул күнгө чейин 4 миң 634 адам каза болуп, 86 миң 777 учур көрүлдү. Акыркы 24 саат ичинде Кытайдын материгинде Ковид-19дун 7 учуру аныкталды, алардын бардыгы чет өлкөдөн келген. Оорунун 6сы Шанхай шаарында жана 1и Гуандун провинциясында аныкталса, акыркы сутка ичинде өлкөдө жоготуулар болгон жок.

Индонезияда вирустун айынан 19 миң 248 адам каза болсо, Ковид-19га 636 миң 154 адам чалдыккан. президент Джоко Видодо: «Мен вакцинанын биринчи алуучусу болом жана мен биринчи вакцинаны алам»,- деди.  Коомдун коронавируска каршы эмдөөнүн жаңы түрүнө болгон ишенимин күчөтүү үчүн ушундай чечим кабыл алгандыгын айткан Видодо: «Дарыгерлерден жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринен кийин, жалпы эл эмдөөдөн өтөт”,- деп айтт. Индонезия 6-декабрда кытайлык Sinovac Biotech компаниясы тарабынан иштелип чыккан 1,2 миллион доза Ковид-19 вакцинасын алып келди.

Нигерияда ушул кезге чейин вирустун айынан 1200 адам каза болуп, 75000ден ашуун Ковид-19 оорусу катталган. Саламаттыкты сактоо министри Осагие Эханире Ковид-19га каршы иштелип чыккан вакциналардын арасынан Нигерияга ылайыктуусун тандоо үчүн комитет түзүлгөнүн айтты. Эханире вакциналарды коргоо үчүн ар кандай температуралар талап кылынгандыктан, колдо болгон вакциналардын арасынан эң ылайыктуусун тандап алышы керектигин жана вакциналар 2021-жылдын январь айында алынаарын айтты.

Эпидемия башталгандан бери Малайзияда 429 адам каза болуп, 87 миң 913 адам вирус жуктурган. Илим, технология жана инновация министри Хайри Жемаледдин: «Малайзиялыктардын 20 пайызын эмдөөнү пландап жаткан алгачкы Ковид-19 вакциналары өлкөгө 2021-жылдын биринчи кварталында жетет»,-деди.

Түштүк Африкадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде 166 адамдын өлүмү менен, Ковид-19дан каза болгондордун саны 23 миң 827ге чейин көбөйгөн. Өлкөдө оорулардын саны 7 миң 552ге көбөйүп, 883 миң 687ге чейин жетти.

Ковид-19 эмдөө кампаниясы Сауд Аравиясында башталып, эпидемияга байланыштуу 6 миң 80 өлүм жана 360 миң 335 учур катталган, ошондой эле саламаттыкты сактоо министри Тевфик эр-Рабия эмдөөдөн өттү. Кечээ BioNTech-Pfizer вакцинасынын биринчи партиясы жөнөтүлдү деп жарыяланган өлкөдө эмдөө милдеттүү эмес болот.



Тектеш кабарлар