НАТОнун Түркия-АКШ боюнча билдирүүсү

Йенс Столтенберг Бельгиянын борбору Брюсселде Черногориянын премьер-министри Здравко Кривокапич менен болгон жолугушуудан кийин өткөргөн биргелешкен пресс-конференциясында, АКШнын Түркияга карай санкция киргизүү чечими тууралуу суроолорго жооп берди.

1546397
НАТОнун Түркия-АКШ боюнча билдирүүсү

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ), Орусиядан С-400 абадан коргонуу системаларын сатып алуусунун себебинен Түркияга санкция киргизишнен улам өкүнгөнүн билдирип, «Түркия жана НАТОнун бардык союздаштарын буга «чечүүчү жолду табууга» чакырам»,-деди.

Йенс Столтенберг Бельгиянын борбору Брюсселде Черногориянын премьер-министри Здравко Кривокапич менен болгон жолугушуудан кийин өткөргөн биргелешкен пресс-конференциясында, АКШнын Түркияга карай санкция киргизүү чечими тууралуу суроолорго жооп берди.

«Мен НАТОнун өнөктөштөрү бири-бирине санкцияларды киргизе турган кырдаалда турганыбызга капа болдум»,-деп айткан Столтенберг, Түркиянын С-400 системаларын сатып алуусуна байлануштуу кооптонуулуарын буга чейин билдиргенин айтты.

 Столтенберг: «Бул улуттук чечим. Бирок С-400 системасы НАТОнун тутумдары менен шайкеш келбейт. Алар НАТОнун аба жана ракетадан коргонуу системалары менен интеграциялана албайт. Мен бул боюнча тынчсыздануумду билдиргем. Ошондой эле Түркия жана НАТОнун бардык шериктештерин чечим табууларды издөөгө чакырам. /. ../. Азыр эң маанилүүсү Түркия жана шериктештик үчүн кыйын болуп турган бул кырдаалга кандайча оң чечим табышыбыз»,-деп айтты.

АКШ, Россиядан С-400 системаларын сатып алгандыгына байланыштуу, Түркияга айрым санкцияларды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды.



Тектеш кабарлар