Лавров АКШнын санкциясына каршылык көрсөттү
Лавров расмий сапар менен барган Босния-Герцеговинада маалымат жыйын өткөрдү.
1545824
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров: «Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Түркияга санкция киргизиши - бул эл аралык мыйзамга карата текебер мамиленин дагы бир көрүнүшү»,-деди.
Лавров расмий сапар менен барган Босния-Герцеговинада маалымат жыйын өткөрдү.
АКШнын санкцияларды "орой" түрдө колдонуп жатканына көңүл бурган Лавров: «АКШнын Түркияга санкция киргизиши - бул эл аралык мыйзамга болгон текебер мамиленин дагы бир көрүнүшү. Албетте бул ыкма, аскердик-техникалык кызматташтык менен бирге эл аралык аренада жоопкерчиликтүү катышуучу болгон АКШнын ишенимдүүлүгүнө салым кошпойт»,-деп айтты.
АКШ, S-400 абадан коргонуу системаларын Россиядан сатып алганы үчүн Түркияга айрым санкцияларды киргизүү чечимин кабыл алган болчу.