Ковид - 19 : Чыгыш өлкөлөрү

Индияда эпидемиядан каза болгондордун саны 143 802 болду.

1545705
Ковид  - 19 : Чыгыш өлкөлөрү

Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан улам каза болгондордун саны 1 миллион 631 170тен  жогорулады. Бейтап саны 73 миллион 346 000ден, айыккандардын саны болсо 51 миллион 483 000ден ашты.

Индияда эпидемиядан каза болгондордун саны 143 802 болду. Вирус  жугузгандардын саны 9 миллион 912 54 болуп катталды.

Эпидемиядан улам 47 968 киши каза болгон Россияда бейтап саны 2 миллион 707 000 болду. 

Иранда эпидемиядан 24 саатта 223 киши дагы каза болду жана 7 704  жаңы учур катталды. Өлкөдө ушундайча  вирустан каза болгондордун саны 52 670ке, бейтап саны 1 миллион 123 000ге жетти. 

Кытайда болсо  коронавирустан 4 634 киши каза болуп, 86 758 киши вирус жугузган. Акыркы 24 сатта 17 кишиде вирус аныкталып алардын 14тү өлкө тышынан келген кишилер болгон. Өлкөдө акыркы 1 күндө вирустан каза болгондор болгон жок. Ошол эле учурда Улуттук биотехнология группасынын башкаруучусу Янг Шиаоминг 2021 -  жылы 1 миллиард доза вакцина иштеп чыга турган көлөмгө жетүүнү максат кылышкандарын билдирди.

Иорданияда Ковид  - 19дан улам 42 киши каза болуп, 2 863 кишиде вирус аныкталды. Өлкөдө вирустан каза болгондордун жалпы саны 3407ге, бейтап саны да 262 7477ге жогорулады.

Алжирде акыркы 24 саатта 13 киши Ковид  - 19дан каза болуп, 431 жаңы учур катталды. Бул маалыматтар менен өлкөдө вирустан каза болгондордун саны 2 603кө жогорулады. Вирус жуктургандардын саны да 92 597ге жети.

Жалпы Африка материгинде 24 сатта эпидемиядан улам каза болгондордун саны 312гө көбөйүп 55 740ка жогорулады. Жалпы материкте вирус жуккан киши саны ошол эле убакытта 11 353кө көбөйүп 2 миллион 404 414 болду. Түштүк Африкада 23 451 киши коронавирустан каза болуп, эң көп киши каза болгон өлкө катары катталды. Египетте 6 943, Мароккодо 6 659 киши каза болду. Түштүк Африкада бейтап саны 866 127ге жетти. Бул өлкөдөн кийин 400 826  бейтап менен Марокко, 122 миң 86 бейтап менен Египет келди.

Вирустан улам 2 585 киши каза болгон, 179 653 киши вирус жугузган Японияда NHKнын жүргүзгөн сурамжылоого катшкандардын 32 пайызы 2021 – жылдын жай мезгилине кечеңдетилген Токио олимпадалары жана паралимпик оюндарынын жоюлушу керектигин билдиришкен.  

Түштүк Кореяда  акыркы 1 күндө 13 киши коронавирустан каза болуп, вирустан каза болгондордун жалпы саны 600гө жети. 880 жаңы учурдун катталышы менен өлкөдө вирус жуугзгандардын жалпы саны 44 364кө жетти. 

 



Тектеш кабарлар