2019 - жылдагы негизги өлүм себептери билдирилди

Биринчи орунда жүрөк оорулары турат.

1545901
2019 - жылдагы негизги өлүм себептери билдирилди

ДСУ 2019 -  жылдагы негизги өлүм себептерин билдирди.

Биринчи орунда жүрөк оорулары турат. Жүрөк   оорулары акыркы 20 жылдагы адам өмүрүнүн эң олуттуу себептеринин бири. Диабет оорусу биринчи 10 оорунун катарына кошулду.

Жүрөк оорусу өткөн жылкы 8, 9 миллион өлүм же дүйнөлүк масштабда өлүмдөрдүн 16 пайызын түзүүдө.

Тизмеде экинчи орунда турган инсульт бардык өлүмдөрдүн 11 пайызы же 6,2 миллион кишинин каза болушунан жооптуу.

Өнөкөт өпкө оорусу (COPD) 2019 -  жылы 3,2 миллион өлүм менен тизмеде үчүнчү орунду алды.

Альцгеймер оорусунан жана башка акыл-эссиздиктен каза болгондор 19 жылда бир миллионго көбөйгөн.

Диабет 2000 – жылдан бери  70 пайыздык олуттуу өсүүдөн кийин  биринчи 10 өлүм себебинин арасына кирди. Диабет 2000 – жылдан бери 80 пайыздык жогорулоо менен биринчи 10дун арасында жана эркектердин өлүмүндөгү эң көп өсүүнү көрсөттү.

Бөйрөк оорулары да дүйнөнүн 13 -  алдыңкы өлүм себебинен 10 -  орунга жогорулады. Бөйрөк оорусунан каза болгондордун саны 2000 – жылы 813 000 болгон болсо, 2019 -  жылы  1, 3 миллионго чыкты.

ДСУ маалыматтарынын бул тынчсыздандыруучу маалыматына карабастан кээ бир оң абалдар да болду.

2000 - жылы ВИЧ / СПИД өлүмдүн негизги себептери боюнча 8 - орунда турган болсо,  2019-жылы диагностиканын жана дарылоолор менен бирге 19 - орунга түштү. 51 пайыздык азаюу бар.

Ошо сыяктуу эле, кургак учуктан улам өлүмдөр 30 пайыздык төмөндөө менен  2000 - жылдан 2019-жылга чейин 7 – орундан 13 -  орунга түштү.



Тектеш кабарлар