Сауд Арабиясында нефть танкеринде жарылуу болду

Кеме караштуу болгон  BW Group фирмасынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта кемедеги 22 экипаждын  жарылуудан жаракат албастан куткарылгандыгы белгиленди.

1545084
Сауд Арабиясында нефть танкеринде жарылуу болду

Сауд Арабиясынын Жидда портунда мунай ташуучу танкерге тыштан жасалган кол салуудан улам жарылуу болду.

Жергиликтүү маалымат булактары билдиргендей, Сауд Арабиясынын Кызыл деңиздин жээгиндеги Жидда портуна якорь таштаган BW Rhine аттуу Сингапур желегиндеги мунай ташуучу кемеде кол салуудан улам жарылуу болду.

Кеме караштуу болгон  BW Group фирмасынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта кемедеги 22 экипаждын  жарылуудан жаракат албастан куткарылгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө жарылуудан улам деңизге мунайдын төгүлүшү мүмкүн экендиги эскертилди. Азырынча Сауд Арабия жана Йемендеги хусилерден эч кандай билдирүү келе элек.



Тектеш кабарлар