Дүйнө жүзүндө Ковид-19дан каза болгон адамдардын саны 1 миллион 612 миң 931ден ашты

Жуктуруп алгандардын саны 72 миллион 171 миңден, ал эми айыккандардын саны 50 миллион 542 миңден ашты.

1544520
Дүйнө жүзүндө Ковид-19дан каза болгон адамдардын саны 1 миллион 612 миң 931ден ашты
KORONAVİRÜS SÜPER
ABD AŞI SÜPER
KORONA SÜPER
KORONA SÜPER

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгон адамдардын саны 1 миллион 612 миң 931ден ашты. Жуктуруп алгандардын саны 72 миллион 171 миңден, ал эми айыккандардын саны 50 миллион 542 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дан улам каза болгон адамдардын саны 305 миң 82ге, ал эми жуктуруп алгандардын саны 16 миллион 549 миңге жетти. Ошол эле учурда, өлкөдө Pfizer коронавирус вакциналарын таркатуу иштери башталды. «Биринчи вакцина 24 саатка жетпеген убакыттын ичинде берилет» деди президент Дональд Трамп. Ошондой эле Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору Pfizer жана BioNTech тарабынан иштелип чыккан коронавирустук вакцинанын жаңы түрүн колдонуу боюнча сунуштарын берди.

Англияда вирустун айынан адамдардын өлүмү 64 миң 26га чейин көбөйдү. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 1 миллион 830 миңди түздү. Өлкөдө эң көп учурлар байкалган борбор калаа Лондондогу көчөлөрдө көңүл ачуу үчүн чогулган элдин коронавирустун жаңы түрүнө каршы чараларга ылайык келбей турганы белгиленди.

Италияда Ковид-19дан каза болгон адамдардын саны 64 миң 36, ал эми жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 825 миң болду.

Францияда Ковид-19дан улам каза болгондордун саны 57 761ге жеткен. Вирус аныкталган адамдардын саны 2 миллион 365 миңге чейин көбөйгөн.

Индияда эпидемиядан улам каза болгондордун саны 143 миң 55тен ашып, ооруну жуктургандардын саны 9 миллион 857 миңден ашты.

Эпидемиянын кесепетинен 46 миң 941 адам каза болгон Орусияда, илдетке чалдыккандардын саны 2 миллион 653 миңге чейин көбөйгөн.

Кытайда вирустун айынан 4 миң 634 адам каза болду, 86 миң 725 учур катталды. Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында коронавирустун 24 жаңы учуру аныкталды, анын 19у чет өлкөдөн келген. Өлкөдө табылган 5 учурдун ичинен 4ү түндүк-чыгыштагы Хэйлунцзянда жана бирөө батыш Сычуань провинциясында аныкталды. Россиянын Владивосток шаарына коңшулаш Хэйлунцзян провинциясынын порт шаары болгон Донгнин шаарында акыркы эки күндө эки жаңы учур аныкталгандан кийин чукул кырдаал жарыяланды. Өлкөдө акыркы 24 саатта вирустун айынан адам өлүмү катталган жок.

Түштүк Кореяда акыркы суткада Ковид-19дан 2 адам көз жумса, вирустун айынан каза болгондордун саны 580ге жетти. Өлкөдө жуктурган учурлардын саны 1 миң 30га көбөйүп, 42 миң 766га жетти. Президент Мун Чжэ Ин оорулардын көбөйүшүнө байланыштуу чукул жыйын өткөрдү. Жолугушуудан кийинки билдирүүсүндө, Мун эпидемияда оор мезгил өткөнүн белгилеп, күнүмдүк оорулар ушул деңгээлде өссө, 3-деңгээлдеги иш-чаралар башталаарын айтты.

Иранда коронавирустун жаңы түрүнөн улам каза болгон адамдардын саны 51 миң 949 болду. Өлкөдө жуктуруп алгандардын саны дагы көбөйүп, 1 миллион 100 миңге жетти.

Иракта вирустун айынан адамдардын өлүмү 12 миң 565ке, жуктургандардын саны 573 миң 622ге чейин көбөйгөн.

Тунисте Ковид-19дан улам каза болгон адамдардын саны 3 миң 801ге, ал эми жуктуруп алгандардын саны 109 миң 104кө чейин жогорулады.

Газада вирустан каза болгондордун саны 188, ооруга чалдыккандардын саны 27 миң 939 болду.

Африка континентинде эпидемиянын айынан каза болгон адамдардын саны 326га көбөйүп, 55 миң 82ге жетти. Континентте аныкталган вирустардын саны акыркы 24 сааттын ичинде 18 миң 132ге көбөйүп, 2 миллион 376 миң 805ке жетти. Ковид-19дан эң көп жоготуулар Түштүк Африка Республикасында катталып, 23 миң 106 адам каза болгон. Египетте 6 миң 898, Мароккодо 6 миң 589 адам каза болду.



Тектеш кабарлар