Чыгыш өлкөлөрүндө Ковид-19 боюнча акыркы көрсөткүч

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгон адамдардын саны 1 миллион 611 миң 637ден ашты.

1544429
Чыгыш өлкөлөрүндө Ковид-19 боюнча акыркы көрсөткүч

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгон адамдардын саны 1 миллион 611 миң 637ден ашты. Жуктуруп алгандардын саны 72 миллион 109 миңден, ал эми айыккандардын саны 50 миллион 492 миңден ашты.

Индияда эпидемиядан улам каза болгон адамдардын саны 143 миң 55тен ашты, ал эми жуктургандардын саны 9 миллион 857 миңден ашты.

Эпидемиянын кесепетинен 46 миң 453 адам каза болгон Россияда, жуктуруруп алгандардын саны 2 миллион 625 миңге чейин көбөйгөн.

Иранда коронавирустун жаңы түрүнөн улам каза болгон адамдардын саны 51 миң 949 болду. Өлкөдө жуктуруп алгандардын саны дагы көбөйүп, 1 миллион 100 миңге жетти.

Иракта вирустун айынан адамдардын өлүмү 12 миң 565ке, жуктургандардын саны 573.622ге чейин көбөйгөн.

Тунисте Ковид-19дан улам каза болгон адамдардын саны 3 миң 801ге, ал эми жуктуруп алгандардын саны 109 миң 104кө чейин жогорулады.

Газада вирустан каза болгондордун саны 188, ооруга чалдыккандардын саны 27 миң 939 болду.



Тектеш кабарлар