Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчү

Иранда жаңы тип коронавирустан улам каза болгондордун саны  51 727 болду. Өлкөдө бейтап саны да 1 миллион 92 000ге жетти.

1544102
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчү

Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны 1 миллион 601 190дон жогорулады.   Бейтап саны 71 миллион 438 000ден, айыккандардын саны 49 миллион 638 000ден ашты.

Индияда эпидемиядан каза болгондордун саны 142 662ден, вирус жугузгандардын саны 9 миллион 827 000ден   жогорулады.

Иранда жаңы тип коронавирустан улам каза болгондордун саны  51 727 болду. Өлкөдө бейтап саны да 1 миллион 92 000ге жетти.

Эпидемиядан улам 45 893 киши каза болгон Россияда бейтап саны 2 миллион 597 000ге жогорулады.

Жалпы Африкада Ковид  -19дан каза болгондордун саны 55 756га, бейтап саны да 2 миллион 358 608 болду. Материкте Ковид  - 19дан улам Түштүк Африкада 22 249 киши каза болуп, эң көп киши каза болгон өлкө катары катталды. Египетте 6 854, Мароккодо 6 320  киши каза болду.



Тектеш кабарлар