Pfizerдин Ковид-19 вакцинасына байланыштуу аллергиялык реакция эскертүүсү

Pfizer жана BioNTech тарабынан иштелип чыккан Ковид-19 вакцинасы дүйнөдө биринчи жолу кечээ Британияда колдонула баштаган эле.

1542622
Pfizerдин Ковид-19 вакцинасына байланыштуу аллергиялык реакция эскертүүсү

Британияда дары-дармектерди жөнгө салуучу агенттик, Pfizer жана BioNTech тарабынан иштелип чыккан коронавирус (Ковид-19) вакцинасынын аллергиялык реакцияларга ээ болгон адамдарга колдонулбашын сунуштады.

Дары-дармек жана саламаттык сактоо өнүмдөрүн жөнгө салуу органынын башчысы Жун Рейн билдирүүсүндө: «Биз аллергиялык реакцияларга байланыштуу эки бейтаптын отчетун карап чыктык. Бул клиникалык сыноолордо байкалган эмес»,- деди.

Рейн биринчи эмделгендердин аялуу катмардан турганына көңүл буруп, буга байланыштуу кеңешти дароо тиешелүү тараптарга билдире тургандарын баса белгиледи.

Британиянын Коомдук саламаттык сактоо мекемесинин (NHS) медициналык директору проф. Стивен Пауис болсо аллергиялык реакциясы бар эки адамдын айыга баштаганын айтты.

Pfizer жана BioNTech тарабынан иштелип чыккан Ковид-19 вакцинасы дүйнөдө биринчи жолу кечээ Британияда колдонула баштаган эле.



Тектеш кабарлар