Фалкон - 9 ракетасы учурулду
Америкалык Space X фирмасы кечээ эл аралык космос станциясына жүк ташыган ракетасын ийгиликтүү учурду.
1541154
Америкалык Space X фирмасы кечээ эл аралык космос станциясына жүк ташыган ракетасын ийгиликтүү учурду.
Ракета Флоридадагы Кеннеди космос борборунан 21 - коммерциялык учуу үчүн учурулган.
Ракетанын учунда жайгашкан «Dragon» капсуласы эл аралык космос станциясына техникалык жабдууларды, азык-түлүктү жана күйүүчү майды ташыйт.
Бул миссияда колдонулган капсуланын жүк көтөрүү мүмкүнчүлүгү мурункусуна караганда 20 пайызга көп.