Францияда коопсуздук мыйзам долбооруна каршы акциялар уюштурулду

Басма сөз уюмдарынан, профсоюздардан жана адам укугун коргоочу ассоциациялардан турган«Жалпы коопсуздук мыйзамына жол жок» демилгеси менен өлкө боюнча 90дон ашуун акция болду.

1540390
Францияда коопсуздук мыйзам долбооруна каршы акциялар уюштурулду

Францияда коопсуздук күчтөрүнүн кадрларын жарыялоого тыюу салган мыйзам долбооруна каршы нааразычылык акциялары уланууда.

Басма сөз уюмдарынан, профсоюздардан жана адам укугун коргоочу ассоциациялардан турган«Жалпы коопсуздук мыйзамына жол жок» демилгеси менен өлкө боюнча 90дон ашуун акция болду.

Активисттер долбоордун 24-беренеси кайра жазылат деп жарыяланганына карабастан, аны кайтарып алууну талап кылышууда.

Демонстранттар борбор шаар Париждин четиндеги Лес Лиласка чогулуп, «(президент Эммануэль) Макрон кызматтан кет» жана «эркиндик» деп кыйкырышты.

Мыйзам долбооруна каршы баннерлерди көтөрүп жүрүшкөн жана полициянын зомбулугуна каршы чыгышкан демонстранттар, борбордун Ребеблик аянтын көздөй бара жатканда, полиция тосмосуна туш болду.

Полиция менен демонстранттардын ортосунда кагылышуу болуп, полиция демонстранттарга көздөн жаш агызуучу газ жана суу чачып кийлигишти. Активисттер айлана-чөйрөгө зыян келтирип, көптөгөн унааларды жана таштанды челектерин өрттөп, дүкөндү тоноп кетишти.

Париждеги демонстрация учурунда эркин журналист Амар Тауалит полиция колдонгон коргонуу куралынын айынан бутунан жаракат алган.

Ички иштер министри Жеральд Дарманиндин жана Париж полиция департаментинин билдирүүлөрүнө ылайык, 64 адам кармалган, алардын 42си Парижде, ал эми 8 полиция өлкө боюнча демонстрациялар учурунда жаракат алган.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өлкө боюнча нааразычылык акциясына 52 миң 350 адам катышкан, алардын 5 миңи Парижде болгон.



Тектеш кабарлар