Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Вирус дагы деле жайылууда.

1538872
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү
super covid19 meksika

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны 1 миллион 500 миң 450дөн ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 64 миллион 904 миңден, ал эми айыгып кеткендердин саны 44 миллион 995 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дун айынан каза болгондордун саны 279 миң 867ге, ал эми жуктургандардын саны 14 миллион 314 миң 265ке жетти. АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору  карантиндин сунушталган мөөнөтүн 14 күндөн 7-10 күнгө кыскартты. Мурунку президенттер Барак Обама, Жорж Буш жана Билл Клинтон Ковид-19га каршы АКШнын Тамак-аш жана дары-дармек администрациясы (FDA) тарабынан бекитилген вакцинаны камеранын алдында алабыз деп билдиришти. Президенттердин камера алдында вакцина боюнча коомчулук арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, вакцинанын ишенимдүү экендигин далилдөөнү максат кылышканы айтылды.

Британияда акыркы 24 саатта вирустун айынан 648 адам каза болуп жалпы сан 59 миң 699га жетти. 16 миң 170 жаңы учур менен бирге бул илдетке чалдыккандардын саны бир миллион 69 миң 256 болду. Өлкөдө 5-ноябрда башталган улуттук карантин аяктады. Премьер-министр Борис Жонсон 350 миллион дозалык Ковид-19 вакцинасына буйрук беришкенин белгилеп, вакциналарды логистикалык бөлүштүрүүдө “олуттуу кыйынчылыктар” болорун эскертти.

Францияда акыркы 24 саатта 313 адам Ковид-19дан көз жумуп жалпы 53 миң 816 түздү. Экс-президент Валери Жискар д'Эстэн дагы Ковид-19дун айынан каза болгондордун катарында. Бир күндө 14 миң 64 жаңы учур катталып, бул илдетке чалдыккандардын саны 2 миллион 244 миң 635ке жетти.

Вирустун кесепетинен 17 миң 812 адам каза болуп, бир миллион 105 миң 800дөн ашуун адам жуктурган Германияда, Ковид-19 менен күрөшүүнүн алкагында көрүлгөн чараларга каршы чыккан "Querdenken 30" аттуу топ, жаңылыктарда так маалыматтар берилбегенин айтып, ММКларга нааразычылыгын билдирди.

Испанияда пандемиядан 45 миң 784 адам каза болуп, 1 миллион 682 миң 533 адам коронавируска чалдыкты.

Адам өлүмү 07 миң 565, ал эми вирусту жуктургандардын саны 1 миллион 133 миң 613 адамды түзгөн Мексикада, Pfizer-BioNtech тарабынан иштелип чыккан Ковид-19 вакцинасы кийинки жумадан тарта сайыла баштайт. Вакцина алгач дарыгерлерге жана медайымдарга сайылат.

Айрым берки өлкөлөрдө вируска байланыштуу өлүмдөрдүн саны төмөнкүчө:

Бразилия (174 миң 531), Италия (57 миң 45), Аргентина (39 миң 156), Колумбия (37 миң 117), Перу (36 миң 76), Польша (18 миң 208), Бельгия (16 миң 911), Чили (15 миң 438), Эквадор (13 миң 562), Украина (12 миң 717), Канада (12 миң 325) жана Румыния (11 миң 665).



Тектеш кабарлар