Британия BioNTech менен Pfizerдин вакцинасына уруксат берди

Ушундайча Британия Ковид-19га каршы иштелип чыккан талапкер вакцинаны бекиткен биринчи өлкө болду.

1538259
Британия BioNTech менен Pfizerдин вакцинасына уруксат берди

Британия, түрк илимпозу проф. др. Угур Шахин негиздөөчү өнөктөшү болгон Германиянын BioNTech биотехнологиялык компаниясы менен америкалык фармацевтикалык Pfizer компаниясы иштеп чыккан коронавирус (Ковид-19) вакцинасын кеңири колдонууну бекитти.

Би-Би-Синин кабарына караганда, Британиянын Дары-дармектер жана саламаттыкты сактоо өнүмдөрүн жөнгө салуу агенттиги, "BNT162b2" аттуу талапкер вакцинаны кеңири колдонуу үчүн коопсуз экендигин билдирди.

Ушундайча Британия Ковид-19га каршы иштелип чыккан талапкер вакцинаны бекиткен биринчи өлкө болду.

Бекитилгенден кийин Британияда артыкчылыктуу топторго эмдөөлөр кийинки жумада башталат деп күтүлүүдө.

Британия буга чейин 40 миллион доза вакцинаны сатып алуу боюнча алдын-ала келишим түзгөн болчу.

Ribo Nucleic Acid (mRNA) негиздүү талапкер вакцина, дүйнөдө катталган биринчи Ковид-19 вакцинасы болуп калды.

Вакцина 10 айдын ичинде клиникага чейинки өнүктүрүү иштерин жана 3 этаптуу клиникалык сыноолорун аяктагандан кийин бекитилди.

Pfizer жана BioNTech, талапкер вакцинанын вируска каршы эмдөөдө 95 пайыз натыйжалуу болгонун билдиришкен эле.

Компаниялар, бул вакцинанын тезинен колдонууга уруксат берилиши үчүн АКШнын Тамак-аш жана дары-дармек администрациясы (FDA) менен Европанын дары-дармек агенттигине (EMA) кайрылган.

Компаниялар АКШ, Европа Биримдиги (ЕБ), Улуу Британия, Канада жана Япония менен вакцина жеткирүү боюнча келишимдерди түзүштү.

Ал эми саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа 25-ноябрда, Түркиянын талапкер вакцинасынан 1 миллиону декабрда болуп кыш айларында 25 миллион дозаны сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн билдирген.

Компания 2020-жылдын аягына чейин 100 миллион доза жана 2021-жылдын аягына чейин болжол менен 1,3 миллиард доза чыгарууну пландаштырууда.



Тектеш кабарлар