Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирустун көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 1 миллион 460 миң 990дан ашып кетти.

1536367
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирустун көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 1 миллион 460 миң 990дан ашып кетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 62 миллион 729 миңден, ал эми айыккандардын саны 43 миллион 349 миңден ашты.

Индияда Ковид-19дан адамдардын өлүмү 136 миң 878ге, ал эми оорулардын саны 9 миллион 406 миң 995ке чейин көбөйгөн.

Иранда Ковид-19 эпидемиясында каза болгондордун саны 47 миң 874кө жетти. Өлкөдө ооруну жуктуруп алгандардын саны дагы көбөйүп, 948 миң 749га жетти.

Россияда Ковид-19дан улам каза болгон адамдардын саны бир күндө 459га көбөйүп, 39 миң 527ге жетти. Ушул эле мезгилде өлкөдө 26 миң 683 учур аныкталса, вирусту жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 269 миң 316га жетти.

Ковид-19 пайда болуп, бүгүнкү күнгө чейин 4 миң 634 адам каза болгон Кытайда акыркы 24 саатта коронавирустун кесепетинен каза болгон эч ким болгон жок, оорулардын саны 86 миң 512ге жетти.

Африка континентинде эпидемиянын айынан көз жумган адамдардын саны 51 миң 589, ал эми жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 163 миң 810 болду. Континентте Ковид-19дан эң көп жоготуулар Түштүк Африкада 21 миң 439 өлүм менен катталды. Египетте 6 миң 621, Мароккодо 5 миң 739 адам каза болду.

Сейшел жана Эритреяда эпидемиялык өлүм жок.

Түштүк Африка Республикасында оорулардын саны 785 миң 139га чейин көбөйгөн. Бул өлкөдөн кийин 349 миң 688 учур менен Марокко, 115 миң 183 учур менен Египет орун алды.



Тектеш кабарлар