Мария Захарова : "Түркия менен Тоолуу Карабах тууралуу байланыштабыз"

Россиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова Тоолуу Карабахта ырааттуулук тууралуу Түркия менен байланышта экендерин айтты.

1535614
Мария Захарова : "Түркия менен Тоолуу Карабах тууралуу байланыштабыз"

Россиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова Тоолуу Карабахта ырааттуулук тууралуу Түркия менен байланышта экендерин айтты.

Жумалык пресс  - жыйынында сөз сүйлөгөн Захарова Түркия менен саясий, дипломатиялык темалар жана башка түрдүү тармактарда кызматташуу менен бирге аскердик деңгээлде да байланышта экендерин айтты.

Захарова : «Албетте булардын кандай багытта болору, аймактагы абалды иреттүү түрдө сүйлөшкөн мамлекет башчылары тарабынан белгиленет»,- деди.

Россиянын президенти В. Путин, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана армениянын премьер  - министри  Никол Пашинян 10 -  ноябрдан тарта Тоолуу Карабахта кагылышуулардын токтотулушу үчүн келишимге кол койгон.

Келишимде Россиянын фронт жана Лачин коридорунда жеңил куралдуу 960 аскер, 90 бронетранспортер, 380 унаа жана атайын унаанын орун алышы күтүлүүдө.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен өткөргөн сүйлөшүүдө 11 -  ноябрда Тоолуу Карабахта ок атышпоону көзөмөлгө ала турган Түркия  - Россия биргелешкен байкоо борборунун курулушуна байланыштуу меморандумга кол коюшкан.



Тектеш кабарлар