Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 1 миллион 429 миң 125тен ашты.

1534925
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү
covid19 arjantin.jpg
ispanya covid19.jpg
Yunanistan Lockdown Koronavirüs Covid-19_2.jpg
covid test.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 1 миллион 429 миң 125тен ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 60 миллион 836 миңден, ал эми айыккандардын саны 42 миллион 161 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дан каза болгондордун саны 268 миң  262 адамды түздү. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 13 миллион 139 миң 882 деп катталды.

Англияда вирустун айынан адам өлүмү 56 миң 533кө чейин жогорулады. Өлкөдөгү оорулардын саны 1 миллион 557 миңди түзгөн.

Италияда эпидемиядан улам каза болгон адамдардын саны 52 миң 28ге чейин көбөйдү. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 480 миңге жетти.

Францияда Ковид-19дан улам адамдардын өлүмү 50 миң 618ди түзгөн. Өлкөдө ооруну жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 170 миңге чейин көбөйгөн.

Германияда Ковид-19дан улам каза болгондордун саны 15 миң 381ге, ал эми илдетке чалдыккандардын саны 983 миң 731ге жетти. Канцлер Ангела Меркель коронавирустун жаңы түрүн чектөө 20-декабрга чейин уланарын, бирок зарылчылык болсо январь айынын башына чейин узартууга болорун айтты. Чектөөлөрдүн сөзсүз чара экендигин белгилеген Меркель: «Эгерде чектөө жөнүндө чечим төрт жума мурун кабыл алынбаса, анда бүгүнкү абалыбызды элестетүү мүмкүн эмес эле»,- деди.

Ковид-19дан улам башка өлкөлөрдө каза болгондордун саны төмөнкүчө:

Бразилия (170 миң 799), Мексика (103 миң 597), Испания (44 миң 37), Аргентина (37 миң 714), Колумбия (35 миң 860), Перу (35 миң 727), Бельгия (15 миң 938), Чили (15 миң 138), Польша (14 миң 988), Эквадор (13 миң 288), Канада (11 миң 710), Украина (11 миң 717) жана Румыния (10 миң 541).



Тектеш кабарлар