Йеменде бомбалуу кол салуу болду
Йемендин Худейде шаарында болгон бомбалуу кол салууда 5 жаран каза болуп, 7 жаран жараланды.
1533560
Йемендин Худейде шаарында болгон бомбалуу кол салууда 5 жаран каза болуп, 7 жаран жараланды.
Армядан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Хусилердин Худейденин түштүгүндөгү Ет – Тухайта жана Ел - Хуха райондорун бири бирине байланыштырган жолго жайгаштырылган жарылуучу заттын жардырылышы менен 5 киши каза болду. Алардын ичинен экөөсү аял жана бирөөсү кыз бала болгон. 7 киши жараланды»,- деп билдирилди.
Кол салуунун жарандарды ташыган бир унааны бутага алгандыгына басым жасалган билдирүүдө жаралуулардан кээ бирлеринин абалынын оор экендиги белгиленди.
Азырынча хусилерден айыптоолор тууралуу маалымат бериле элек.