Йеменде 12 миллион бала жардамга муктаж

Йеменде ачарчылыктын  айынан 12 миллиондон ашуун баланын гуманитардык жардамга муктаж экендиги билдирилди.

1533233
Йеменде 12 миллион бала жардамга муктаж

Йеменде ачарчылыктын  айынан 12 миллиондон ашуун баланын гуманитардык жардамга муктаж экендиги билдирилди.

БУУнун балдарга жардам фонду ЮНИСЕФтин төрайымы Хенриетта Фор расмий сайтында жарыяланган билдирүүсүндө Йемендин акыркы жылдардагы эң катуу ачарчылык менен бетме  - бет экендигин баса белгиледи. Фор Йемендеги абал тууралуу «коркунуч коңгуроосунун узун убакыттан бери кагып жаткандыгын» белгилеп : «12 миллиондон ашуун бала гуманитардык жардамга муктаж»,- деди.

Жетерсиз азыктануу катнашынын өлкөнүн кээ бир аймактарында эң жогорку деңгээлге чыккандыгын белгилеген Фор : «Беш жашка чейинки 325 000ден ашуун бала жетишсиз азыктануунун айынан жашоо үчүн күрөшүп жатат»,- деди.

Фор Йеменде беш миллиондон ашуун баланын жогорку деңгээлде холера жана ич өткөк коркунучу менен бетме  - бет экендигине көңүлдөрдү бурду.

Йеменде мурунтадан бери  болуп келген жакырдык жана өнүкпөстүк менен бирге беш жылдан бери болуп жаткан кагылышуулардын да балдар менен үй  - бүлөлөрүн зомбулук жана ооруга жетелегендгин баса белгилеген Фор : «Ковид  - 19  пандемиясы бул кризисти апаатка айландырды»,- деди.

Фор ЮНИСЕФтин көптөгөн жылдардан бери Йеменге карата жардамдарынын улантылып жаткандыгын эске салып, мекеменин бул жылы гуманитардык жардам иштери үчүн муктаж болгон 535 миллион доллардын ордуна 237 миллион доллар тапкандыгына көңүлдөрдү буруп, кошумча булакка муктаждыктын бар экендигин белгиледи.



Тектеш кабарлар