Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 1 миллион 402 миң 934 адамды түздү.

1533433
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү
super covid19 ispanya
Koronavirüs Covid-19 Türkiye.jpg

 

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 1 миллион 402 миң 934 адамды түздү. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 59 миллион 562 миңден, ал эми айыккандардын саны 41 миллион 197 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дон адамдардын өлүмү 263 миң 687 түздү. Өлкөдө жуктуруп алгандардын саны дагы көбөйүп, 12 миллион 777 миң 371ге жетти. Эс алуу мезгилиндеги жолугушууларды чектөө боюнча АКШдагы саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин сунуштарына карабастан, Ак үй Ковид-19 эпидемиясынын күчөп турган учурунда кечеге даярданууда. Кечээ Ак үйдө кыйылган шыршаны ат арабада сүйрөтүү ар кандай диний майрамдар өткөрүлө тургандыгын, анын ичинде Ыраазычылык күнүнүн салтына айланган индукка кечирим, Рождество жана Ханука майрамдары өткөрүлө турганынан кабар берди. АКШда Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору, Ак үйдүн консультанттары жана коомдук саламаттыкты сактоо адистери элди Ыраазычылык күнүндө саякаттап, үйдүн ичине чогулбоого чакырышты.

Ушул кезге чейин Ковид-19дан каза болгондордун саны Улуу Британияда 55 миң 230га жетти. Өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 527 миң 495 деп катталды. 2020-жылдын 15-декабрынан тарта Улуу Британияда өлкө аймагына кирген жүргүнчүлөр Ковид-19га тестирлөөдөн өтүп, тест жыйынтыгы негатив болгондордун карантиндик мөөнөтү кеминде бир жумага кыскартылаары маалым болду.

Италияда акыркы 24 сааттын ичинде эпидемиядан улам 630 адам каза болуп, адамдардын өлүмү 50 миң 453кө жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 22 миң 930га көбөйүп, 1 миллион 431 миң 795ке жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин кеңешчиси Вальтер Ричиарди акыркы бир айда дарыгерлерден жана медайымдардан 27 миң саламаттык сактоо кызматкерлери Ковид-19 жугуштуу оорусун жуктуруп алгандыгын билдирип: «Учурда Италиядагы ооруканаларга кысым өтө коркунучтуу»,- деди.

Францияда акыркы 24 саатта Ковид-19дан улам 501 адам каза болуп, жалпы каза болгондордун саны 49 миң 232ге жетти. Бир күндө 4 миң 452 жаңы учур катталса, бул илдетке чалдыккандардын саны 2 миллион 144 миң 660ка жетти.

Ковид-19дан 43 миң 131 адам каза болуп, ушул кезге чейин 1 миллион 606 миң 905 адам ооруну жуктурган Испанияда Король Фелипе 6 коронавирустук тесттен өткөн адам менен байланышта деген негизде карантинге алынды. Испания Королдугунун билдирүүсүнө ылайык, Король Фелипе 6 алдын алуу максатында карантинде 10 күн болот.

Ковид-19дан айрым башка өлкөлөрдө катталган жоготуулар төмөнкүдөй:

Бразилия (169 миң 541), Мексика (101 миң 926), Аргентина (37 миң 122), Перу (35 миң 641), Колумбия (35 миң 479), Бельгия (15 миң 755), Чили (15 миң 106), Германия (14 миң 583), Польша (13 миң 774), Эквадор (13 миң 225), Канада (11 миң 521) жана Румыния (10 миң 177).



Тектеш кабарлар