Нидерландия Түндүк Ирак жана Малиге аскер жиберет

Нидерландиянын коргоо министрлиги тарабынан берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө 100дөн 150гө чейин аскердин Түндүк Ирактагы Эрбил эл аралык аэропортун коргой турганы белгиленди.

1531718
Нидерландия Түндүк Ирак жана Малиге аскер жиберет

Нидерландия Түндүк Ирак жана Малиде БУУга караштуу кызмат кылган тынчтык күчү MINUSMAга аскер жиберет.

Нидерландиянын коргоо министрлиги тарабынан берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө 100дөн 150гө чейин аскердин Түндүк Ирактагы Эрбил эл аралык аэропортун коргой турганы белгиленди.

Билдирүүдө ДЕАШ террордук уюмга каршы эл аралык коалиция күчтөрүнө кошула турган аскерлердин биринчи бөлүгү 2021 - жылдын январь айында жолго чыгары  маалымдалды.

Билдирүүдө 70тен 130га чейин аскердин Малиде БУУга караштуу MINUSMA тынчтык күчтөрүнө материалдык-техникалык колдоо көрсөтөөрү, ал эми С - 130 транспорттук учактарынын да жөнөтүлөрү белгиленди. Маалыматта Малидеги жардамдын 2021 -  жылдын ноябрь айында башталары жана алты айга созулары билдирилди.  



Тектеш кабарлар