Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Индияда коронавирустан каза болгондордун саны 132 764кө жетип, бейтап саны да 9 миллион 60 000 болду.

1531848
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан улам каза болгондордун саны 1 миллион 380 000ден ашты. Бейтап саны 58 миллион 73 000ден,  айыккандардын саны 40 миллион 243 000ден ашты.

Индияда коронавирустан каза болгондордун саны 132 822ге жетип, бейтап саны да 9 миллион 60 000 болду.

Россияда коронавирустан каза болгондордун саны 35 778ге, вирус жугузган киши саны да 2 миллион 64 000ге жогорулады.

Иранда Ковид  - 19дан улам каза болгондордун саны 44 327 000ге, вирус жугузгандардын саны да 841 308ге жетти. Саламаттык сактоо министринин орун басары Рыза Мелекзаде саламаттык сактоо министри Саид Немекини жаңы тип коронавирус эпидемиясын начар башкаруу жана көп сандаган кишинин каза болушуна себеп болуу менен күнөөлөп кызматынан кетти.

Жалпы Африка материгинде эпидемиядан улам каза болгондордун саны 413кө көбөйүп, 49 198ге чыкты. Материкте вирус жуккан киши саны акыркы 24 саатта 15 585ке көбөйүп жалпы саны 2 миллион 56 400 болду. Ковид  - 19дан Түштүк Африкада 20 759 адамдын каза болгондугу катталды. Египетте 6 521, Мароккодо болсо 5 183  киши каза болду.



Тектеш кабарлар