Жайгаштырылган качкындар санында төмөндөө

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссариаты жаңы тип коронавирус эпидемиясынан улам бул жылы үчүнчү өлкөлөргө жайгаштырылган качкындар саны акыркы 20 жылдын эң төмөнкү көрсөткүчү болгондугун билдирди.

1531248
Жайгаштырылган качкындар санында төмөндөө

 БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссариаты жаңы тип коронавирус эпидемиясынан улам бул жылы үчүнчү өлкөлөргө жайгаштырылган качкындар саны акыркы 20 жылдын эң төмөнкү көрсөткүчү болгондугун билдирди.

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссариатынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «2020 -  жылы качкындардын кайрадан жайгаштырылышы рекорддук деңгээлге түшөт»,- деп билдирилди.

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссариатынын акыркы маалыматына караганда бул жылы январь айынан  сентябрь айынын акырына чейин 15 425 гана качкын үчүнчү өлкөлөргө жайгаштырыла алды.

Өткөн жылы болсо ушул эле мезгилде бул сан 50 86 болгон. Билдирүүдө : «БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссариаты качкындар үчүн  бул жаңыдан жайгаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн жоготпоо жана 2021 -  жыл үчүн кайрадан жайгаштыруу квоталарын коргоо үчүн мамлекеттерди 2020 -  жылы мүмкүн болушунча дагы көп сандаган качкынды кайрадан жайгаштырууга чакырабыз»,- деп айтылды.

Бул жылы кайрадан жайгаштырылган качкындардын 41 пайызын сириялыктар, 16 пайызын конголуктар түзүп, Ирак, Мьянма жана Афганистан баш болгон 47 өлкөдөн көчүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар боюнча комиссариатынын орун басары Джиллиан Триггс : «Учурдагы катнаштар дээрлик 20 жылдын ичинде болгон эң төмөн болгон жайгаштыруу деңгээлин көрсөтүүдө.  Бул качкындарды коргоого, адамдардын өмүрүн сактап калууга жана эң тобокелге салынгандарды коргоого карата  жасалган сокку », - деди.



Тектеш кабарлар