Тоолуу Карабахта көзөмөл пункттардын саны көбөйдү

Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков билдирүү жасады.

1530373
Тоолуу Карабахта көзөмөл пункттардын саны көбөйдү

Тоолуу Карабахта көзөмөл пункттардын саны көбөйдү.

Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, Тоолуу Карабахтагы орчундуу тилкенин боюна жайгаштырылган көзөмөл пункттардын санынын өзгөргөнүн билдирди.

Конашенков өз билдирүүсүндө, орус аскерлери кызмат кыла турган көзөмөл пункттарынын кайрадан жайгаштырылгандыгын жана алардын санынын көбөйтүлгөнүн белгиледи.

Конашенков учурдагы кырдаалды эске алуу менен жоокерлердин позициясынын жана көзөмөл пункттарынын кайрадан белгиленгенин айтып, Тоолуу Карабахта 11и "түндүк" жооптуу аймагында, 12си "түштүк" жооптуу аймагында болуп жалпы 23 көзөмөл пункттарында 24 саат бою көзөмөлдөө миссиялары жүргүзүлгөнүн билдирди.

Конашенков мурунку күнү жасаган билдирүүсүндө "түштүк" жооптуу зонасында 9, "түндүк" жооптуу зонасында 9 көзөмөл пункт жана Лачин коридорунда 7 убактылуу көзөмөл пункту түзүлгөнүн айткан эле.



Тектеш кабарлар