Молдовада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүүдө
Өлкөдө 1-ноябрда өткөн шайлоонун биринчи айлампасында эң көп добуш алган Аракет жана тилектештик партиясынын лидери (PAS),мурдагы премьер-министр Майя Санду жана азыркы президент Игорь Додон президенттикке ат салышууда.

Молдовада эл президенттик шайлоонун экинчи айлампасында добуш берүүдө.
Өлкөдө 1-ноябрда өткөн шайлоонун биринчи айлампасында эң көп добуш алган Аракет жана тилектештик партиясынын лидери (PAS),мурдагы премьер-министр Майя Санду жана азыркы президент Игорь Додон президенттикке ат салышууда.
Додондун ыйгарым укуктарынын аяктагандыгына байланыштуу өткөрүлгөн шайлоонун экинчи айлампасында 3 миллион 287 миң 140 шайлоочу, анын ичинде чет жакта жашагандар дагы добуш беришүүдө.
Добуш берүү процесси бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган "Приднестровье" аймагындагы жалпы 2 миң 143 урнада жүргүзүлүп жатат, анын 139у чет өлкөлөрдө жана 42си Молдованын чектеринде жайгашкан.
Өлкөдөгү шайлоо мыйзамына ылайык, президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы 3 күндүн ичинде чыгышы керек.
Шайлоодо жеңип чыккан талапкер 45 күндөн кийин ант берип, президенттик кызматка киришет.
Тектеш кабарлар

Кытайда автобус өрттөнүп, 6 адам каза болду
Гуандун провинциясында авто жолдо бараткан жүргүнчү автобусунда өрт чыкты.