Орус медиасы Түркиянын куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарын мактады

«Ведомости» гезитинин анализдөөсү.

1527698
Орус медиасы Түркиянын куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарын мактады

Россиянын алдыңкы гезиттеринин бири болгон «Ведомостиде» «Карабах согушу» жөнүндөгү анализдөөгө жана Түркияны мактаган сөздөргө орун берилди.

Гезитте «Байрактар ​​ТБ2» куралдуу учкучсуз учуучу аппараттардын Сирия жана Ливиядан кийин Карабахта да ийгиликтүү натыйжаларга жетишкендиги белгиленди.

«Түркиянын кадыр-баркы аябай жогорулады» делген анализдөөдө, түрк куралдуу учкучсуз учуучу аппараттардын жардамы менен абада артыкчылыкка ээ болгон Бакунун согушту оңой жеңгендиги баса белгиленди.



Тектеш кабарлар