Ливиядагы издөө-куткаруу иштерине Түрк деңиз күчтөрүнүн «Гедиз» фрегаты да катышты

Хомс жана Сурман шаарларындагы кырсыктардан 100 адам каза болду.

1527578
Ливиядагы издөө-куткаруу иштерине Түрк деңиз күчтөрүнүн «Гедиз» фрегаты да катышты

Ливиянын жээктеринде иммигранттарды ташыган 2 кеме чөгүп кеткенден кийин Түрк деңиз күчтөрүнүн (TCG) «Гедиз» фрегаты да издөө-куткаруу иштерине катышты.

Хомс жана Сурман шаарларындагы кырсыктардан 100 адам каза болду.

Муздак суудан чыга албай калгандарга алгач Испаниянын жарандык коомдук уюму Open Arms жардам берди. Open Armsка таандык катерлер бозгундарды куткаруу үчүн аракет кылышты. Бирок 47 адамды гана куткара алышты.

Түрк деңиз күчтөрүнүн «Гедиз» фрегаты да окуя жөнүндө укканда заматта аймакты көздөй жөнөдү.

Улуттук Коргоо министрлигинин социалдык медиа баракчасынан жасалган билдирүүдө, фрегаттын издөө-куткаруу иштерине салым кошкондугу кабарланып, куткаруу иштеринин көрүнүштөрүнө да орун берилди.



Тектеш кабарлар