Коронавирустун чыгыш өлкөлөрүндөгү жайылышы
Ковид - 19 таасирин жогото элек.
Жаңы тип коронавирустан улам жалпы дүйнөдө каза болгондордун саны 1 миллион 310 000ден ашты. Вирус жуктургандардын саны 53 миллион 796 000ди, айыккандардын саны болсо 37 миллион 570 000ден ашты.
129 225 киши коронавирустан каза болгон Индияда вирус жугузган киши саны 8 миллион 773 479га жетти.
Эпидемиядан улам Россияда 32 834 киши каза болуп, 1 миллион 903 000 киши вирус жуктурган.
Ливанда каза болгондордун саны 769га, вирус жугузгандардын саны 102 607ге жогорулады. Ковид - 19 эпидемиясы менен күрөшүүнүн негизинде өлкөдө 15 күн карантин киргизүүгө чечим чыгарылды.
Африка материгинде вирустан каза болгондордун саны 46 906га, вирус жуктурган киши саны болсо 1 миллион 961 96га жетти.
Материкте Ковид - 19дан эң көп киши каза болгон Түштүк Африкада 20 153 киши каза болсо, Египетте 6 429, Мароккодо 4 631 киши каза болду.
Сейшеллдер менен Эритреядан өлүм - житим тууралуу отчет келген жок.
Түштүк Африкада бейтап саны 746 945ке жетти. Андан кийин 282 336 бейтап менен Марокко, 110 319 бейтап менен Египет келди.