Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирус дагы деле коркунуч жаратууда.

1525142
Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны 1 миллион 269 миң 320дан ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 51 миллион 245 миңден, ал эми айыгып чыккандардын саны 36 миллион 56 миңден ашты.

Италияда акыркы 24 сааттын ичинде пандемиянын айынан 356 адам каза болуп жалпы 41 миң 750нү түздү. Вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 25 миң 271ге көбөйүп 960 миң 373кө жетти. Неапол шаарында бейтаптардын санынын өсүшүнө параллелдүү түрдө ооруканада керебеттин сыйымдуулугу азайып, кычкылтек түтүгүнүн жетишсиздигинин башталгандыгы басма сөзгө чагылдырылды.

Францияда акыркы 24 саатта Ковид-19дан улам каза болгондордун саны 554кө көбөйүп жалпы 40 миң 987ге, 20 миң 155 жаңы учур менен бирге жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 807 миң 479га жетти. Франциянын Борбордук банкы Ковид-19 пандемиясынын жайылышына байланыштуу жаңы чаралардан улам ушул айда экономикалык иштер 12 пайызга төмөндөйт деп божомолдоду. Ал эми Франциядагы билим берүү профсоюздары пандемияга байланыштуу бүгүн мугалимдерди иш таштоого чакырышты.

8 миң 565 адам каза болуп, 469 миңден ашык учур катталган Украинада президент Владимир Зеленский коронавирус тестинен вирус аныкталганын кабарлады. Зеленский Телеграмдагы баракчасына: «Көпчүлүк адамдар Ковид-19ну жеңип чыгышат. Мен дагы жеңем. Баары жакшы болот»,-деп жазды.



Тектеш кабарлар