Белорусия 2 англис дипломатты "кааланбаган киши" деп жарыялады

Белорусия массалык маалымат каражаттарында 2 англис дипломаттын Белорусиянын президенти Александр Лукашенкого каршы өлкөдө уруксатсыз  митингдерди өткөргөн оппозиция өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөргөндүгү орун алган.

1525086
Белорусия 2 англис дипломатты "кааланбаган киши" деп жарыялады

Белорусия 2 англис дипломатты «кааланбаган киши» деп жарыялады.

Белорусиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Анатолий Глаз берген маалыматында дипломат статусуна ылайык болбогон жана өлкөдө  болуу негизи менен дал келбеген иштеринен улам Британиянын Минск элчилигинин 2 дипломатынын «кааланбаган киши» деп жарыялангандыгын билдирди.

Белорусия массалык маалымат каражаттарында 2 англис дипломаттын Белорусиянын президенти Александр Лукашенкого каршы өлкөдө уруксатсыз  митингдерди өткөргөн оппозиция өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөргөндүгү жана митингдердин дүйнөлүк коомчулукка жарыяланышы үчүн колдоо беришкендери орун алган.

Өлкөдө 9 -  августта болгон президенттик шайлоодо учурдагы президент Лукашенко жеңип чыгып, артынан «шайлоодо мыйзамсыздык болду» деген негиз менен митингдер башталган.

Жуманын акырында улантылып  жана катышуу барган сайын азайып бараткан митингдерде митингчилер президент Лукашенконун кызматын таштоосун каалап жатат.



Тектеш кабарлар