Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирус дагы деле жайылып жатат.

1522831
Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун (Ковид-19) айынан көз жумган адамдардын саны 1 миллион 240 миң 680ден ашты. Жуктуруп алгандардын саны болсо 49 миллион 93 миңге, ал эми айыккандардын саны 35 миллион 26 миңге жетти.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) коронавирустун жаңы түрүнөн улам көз жумган адамдардын саны 241 миң 26, ооруга чалдыккандардын саны болсо 9 миллион 926 миң деп катталды.  

Ковид-19 пандемиясынын кесепетинен 48 миң 120 адам каза болгон Англияда, жуктургандардын саны 1 миллион 123 миңге жогорулады. Ковид-19 менен күрөшүү үчүн жарыяланган карантиндин биринчи күнүндө баш калаа Лондондо өткөн нааразычылык акциясында 104 адам суракка алынды.

Италияда акыркы 24 сааттын ичинде пандемиянын кесепетинен 445 адам каза болуп жалпы 40 миң 192ни түздү. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 34 миң 505ке көбөйүп 824 миң 879га жетти.

Францияда Ковид-19дан улам каза болгон адамдардын саны 39 миң 37ге, ал эми ооруга чалдыккандардын саны 1 миллион 601 миңге жогорулады.

Вирустун айынан 38 миң 386 адам каза болгон Испанияда, жуктургандардын саны 1 миллион 365 миң деп катталды.

Германияда акыркы 24 саатта Ковид-19дан 166 кишинин каза болушу менен адамдардын өлүмү 11 миң 190го жетти. Роберт Кох институтунун билдирүүсүнө караганда, өлкөдө акыркы 24 саатта вирус аныкталган адамдардын саны 21 миң 506га көбөйдү. Ушундайча жуктуруп алгандардын жалпы саны 619 миң 116ны түздү.



Тектеш кабарлар