Ирак парламенти Пешмерге күчтөрүн бутага алган кол салууну айыптады

Ирак күрт амактык өкмөтүнүн пресс - катчысы Жотяр Адил да : " Ирак күрт аймактык өкмөтү мындай кол салуунун кайталанбашы үчүн чараларды көрөт",- деди.

1522983
Ирак парламенти  Пешмерге күчтөрүн бутага алган кол салууну айыптады

Ирак парламенти ПККнын Пешмерге күчтөрүн бутага алуусун өлкөнүн эгемендигине кол салуу деп мүнөздөдү.

Ирак парламентинен берилген маалыматта ПКК жикчил террордук уюмдун Духокто Пешмерге күчтөрүнө жасаган кол салуусунун коопсуздук мекемеси жана өлкөнүн эгемендигине кол салуу деген мааниге келгендиги баса белгиленди. Маалыматта : «Ирак өкмөтү бул аймактарда коопсуздукту камсыз кылышы керек. Өкмөт мыйзамсыз күчтөрдүн (ПКК) ырааттуулукту бузушуна жол   бербеши керек жана эгемендүүлүктүн бузулушуна себеп болгон  мындай кол салуулардын мизин кайтарууда роль ойношу керек",- деп билдирилди.

Жикчил террордук уюм ПККнын мүчөлөрү мурунку күнү Духоктун Чеманке районундагы Пешмерге күчтөрүнө кол салышты. Кол салууда бир Пешмерге каза болуп, үч Пешмерге жаракат алды.

Жикчил уюм кечээ кечинде мунай жана газ ресурстарынын коопсуздугунан жооптуу Ирак күрт аймактык өкмөтүнүн  полициясына кол салды.

Ирак күрт амактык өкмөтүнүн пресс - катчысы Жотяр Адил да : " Ирак күрт аймактык өкмөтү мындай кол салуунун кайталанбашы үчүн чараларды көрөт",- деди.

Бир тараптан Ирак Түркмөн Фронтунун (ITF) төрагасы Эршат Салихи террордук уюм ПККнын Духок шаарында Пешмерге күчтөрүнө жасаган кол салууларын айыптады.

Эршат Салихи, өзүнүн социалдык медиа эсебиндеги билдирүүсүндө : «Террордук уюм ПККнын Пешмергеге кол салуусун айыптайбыз. Ирак өкмөтү жана Ирактын күрт аймактык өкмөтү бул топторду Ирактын чек араларынан Конституциянын негизинде чыгаруусу керек ",- деди.



Тектеш кабарлар