АКШда шайлоонун белгисиздиги

АКШда 59 -  президенттик шайлоонун жыйынтыктары тактала элек.

1522800
АКШда шайлоонун белгисиздиги

АКШда 59 -  президенттик шайлоонун жыйынтыктары тактала элек.

Добуштарды саноо тууралуу мыйзам бузуулар болду деген негиз менен  штаттын сотторуна кайрылган респуликачылдардын доо талаптары кабыл алынган жок. Мичиган жана Жоржия аймак сотторуна «шайлоодо көз боёмочулук болду» деген негиз менен кайрылган президент Дональд Трамптын юристтери колу бош кайтышты.

Эки штаттагы соттордо да «шайлоодо мыйзам бузуу болгонуна байланыштуу» ортого салынган дооматтардын жетерсиз далил экендигине карата чечим чыкты. 270 тандоочу добушка жетишкен ысым президент болуу укугуна ээ боло турган АКШда Пенсильванияда, Жоржияда, Түндүк Каролинада, Аризона, Невада жана Аляскада добуштар саналып бүтө элек.

Демократ партиядан Жо Байден 264 тандоочу добушуна ээ болсо Трамптын добушу  214 болду.



Тектеш кабарлар