1 миллиард жылдык таш

Ири гранит ташка келээрки жылы ат коюла турганы билдирилди.

1523162
1 миллиард жылдык таш

Дыйкандын талаасынан 1 миллиард жылдык таш чыкты.

Германиянын Төмөнкү Саксония штатында дыйканчылык менен алектенген Франц Дертельманндын чоң атасы 50 жыл мурун талаага эгин эгип жатканда ири таш тапты. Ооздон оозго тараган ири ташка байланыштуу геологдор изилдөө жүргүзүү үчүн аймакка барышты.

Геологдор узундугу 5,80 метр, бийиктиги 2,90 метр жана туурасы 4,50 метр болгон ири таштан үлгүлөрдү алып, лабораторияга жөнөтүштү.

Натыйжада геологдор таң калышты. Таштын жашы 1 миллиард жыл, ал эми салмагы болжол менен 140 тоннаны түзөт деп болжолдонууда.

Таштын 14 күндүн ичинде жетекчилер тарабынан алынып Хүвен айылына эстелик катары коюла турганы белгиленди.

Вице-мэр Альфонс Конна: «Акыркы төрт жумада ташты көрүүгө 10 миңге жакын конок келди. Биз аны айылга орнотууну каалайбыз», - деди ал.

Ири гранит ташка келээрки жылы ат коюла турганы билдирилди. 



Тектеш кабарлар