АКШда президенттик шайлоонун жеңүүчүсү аныктала элек

Республикачы Дональд Трамп менен демократ Жо Байден атаандашкан шайлоодо эки талапкер дагы Ак үй үчүн талап кылынган 270 делегатка жете элек.

1522090
АКШда президенттик шайлоонун жеңүүчүсү аныктала элек

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) акыркы тарыхындагы эң "критикалык" шайлоо деп мүнөздөлгөн 59-президенттик шайлоонун жеңүүчүсү аныктала элек.

Кечээ АКШнын эли өлкөнү 4 жыл башкара турган президентти шайлоо үчүн добуш берүүгө барды. Шайлоонун жыйынтыгын чыдамсыздык менен күтүп жатканда, орчундуу штаттарда добуштарды саноо жүрүп жаткандыгына байланыштуу, жеңүүчү азырынча так аныктала элек.

Республикачы Дональд Трамп менен демократ Жо Байден атаандашкан шайлоодо эки талапкер дагы Ак үй үчүн талап кылынган 270 делегатка жете элек.

Associated Press (AP) агенттиги жарыялаган расмий эмес жыйынтыктарга ылайык, Трамп эсептелген добуштардын 48,1 пайызын алган, Байден болсо 50,3 пайыз менен жарышта алдыда баратат.

Байден ушул убакка чейин жыйынтык чыгарылган штаттардагы 264 делегаттардын санына жетсе, Трамп 214 делегатты канаасына жаздырды.

Аляска, Невада, Пенсильвания, Түндүк Каролина жана Жорджия штаттарында жыйынтыктар тактала элек.

Ошол эле учурда, президент Дональд Трамптын үгүт өнөктүгүнүн менеджери Билл Степиен, Висконсин штатында добуштарды кайра санап чыгуу үчүн кайрылышарын жана кээ бир башка штаттарда жыйынтыктарын сотко бере алаарын билдирди.

Жо Байден жеңишин азырынча жарыялабай тургандыгын, бирок добуштарды саноо процесси аяктагандан кийин, ал жана Америка эли жеңүүчү болот деп билдирди.



Тектеш кабарлар