Россия Түркия менен иштешүүнү улантат

Лавров,Тоолуу Карабахтагы кырдаалга жана Россия менен Түркиянын мамилесине баа берди.

1521328
Россия Түркия менен иштешүүнү улантат

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Тоолуу Карабах маселесинде Түркия менен иштешүүнү уланта тургандарын айтты.

Лавров, орусиялык "Коммерсант" гезити менен болгон маегинде Тоолуу Карабахтагы кырдаалга жана Россия менен Түркиянын мамилесине баа берди.

Россия менен Түркиянын ар кайсы аймактардагы кризисттерди чечүү багытында иштеп жатышканын айткан Лавров: «Москва менен Анкара - ийкемдүү жана прагматикалык мамилени карманган, бири-бири менен стратегиялык көз карашта иштешкен жакын өнөктөштөр болуп саналат»,-деди.

Лавров Тоолуу Карабах маселесинин башкача экендигин айтып, бул аймактагы кырдаалды күч менен чечүүнү колдобогондорун баса белгиледи.

Ок атышпоо келишимдерин көзөмөлдөөчү механизмдерди түзүүнүн маанилүүлүгүнө токтолгон Лавров: «Туруктуу ок атышпоо дароо камсыздалбаса дагы биз согушту токтотуу, тараптардын ортосунда диалог орнотуу жана Баку менен Еревандын сүйлөшүү үстөлүнө отурушун камсыз кылуу үчүн аймактагы бардык таасирибизди колдонуп, түрк өнөктөштөрүбүз менен иштешүүнү улантабыз»,-деди.

Тоолуу Карабах маселесинин интернационалдаштырылышынан жана бул жерге Жакынкы Чыгыштан согушкерлердин кошулушунан кооптонушкандыгын билдирген Лавров, муну Армения, Азербайжан жана Түркия менен сүйлөшүүлөрдө айткандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар