Ирандын президенти Хасан Рухани : "АКШдагы президенттик шайлоодо кимдин жеңип чыгары маанилүү эмес"

Ирандын президенти Хасан Рухани пландарын АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына карата түшүзпөгөндөрүн айтты.

1521585
Ирандын президенти Хасан Рухани : "АКШдагы президенттик шайлоодо кимдин жеңип чыгары маанилүү эмес"

 Ирандын президенти Хасан Рухани АКШдагы президенттик шайлоодо кимдин жеңип чыгары маанилүү эмес экендигин жана пландарын ошого жара түзүшпөгөндөрүн айтты.

Министрлер Кеңешинин борбор шаар Тегеранда өткөн отурумунан кийин сөз сүйлөгөн Рухани АКШда бийликке келе турган жаңы өкмөттүн жүргүзө турган саясаты жана ыкмасы маанилүү экендигин айтты.

Рухани : "АКШда ким жеңип чыгары биз үчүн маанилүү эмес. АКШнын акыркы шайлоосу көп жагынан үлгүлүү өттү жана мен кенен токтолгум келбейт. Эгерде АКШ санкцияларды четке кагып, биздин шарттарыбызга сый көрсөтсө анда биздин шарттар өзгөрүлөт. Эң негизгиси принципиалдуу кыймыл, ыкма жана саясат. Жеке адамдар жана партиялар биз үчүн маанилүү эмес",- деди.

Рухани АКШнын мыйзамдарды сакташын, көп тараптуу эл аралык келишимдерге кайтып келишин жана Иран элин сыйлашын каалай тургандыктарын белгилеп өттү.

"Биз АКШ кимдир бирөөнүн санкция салуунун ордуна сыйлашын каалайбыз. АКШда шайлоодо кимдин ийгиликке жетишкенине карабастан экономика боюнча пландаштырдык. Нефть тышында экспорт жана өндүрүштүн негизинде эсептеп чыктык. Эгер АКШ өткөн окуялардан сабак алып, башкача жолго түшүшү керектигин түшүнсө, анда бул абдан жакшы",- деди.  



Тектеш кабарлар