Молдовада эл президенттик шайлоого барууда

Президенттикке талапкер добуш берген шайлоочулардын жарымынан көбүнүн добушуна ээ болсо шайланат.

1519543
Молдовада эл президенттик шайлоого барууда

Молдовада эл учурдагы президент Игорь Додондун кызмат мөөнөтү толгондугуна байланыштуу президентин шайлоо үчүн добуш берүүдө.

3 миллион 287 миң 140 шайлоочу жайгашкан, анын ичинде чет өлкөлөрдө жашаган 36 аймакта жана өлкөдөгү элчиликтерде добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07: 00дө башталды.

Президенттикке талапкер добуш берген шайлоочулардын жарымынан көбүнүн добушуна ээ болсо шайланат. Шайлоодо бир дагы талапкер 50 пайыздан ашык добуш албаса, эң көп добуш алган эки талапкер экинчи турда президенттик орун үчүн ат салышат.

Молдовада президенттик шайлоого 8 талапкер ат салышууда. Талапкерлердин тизмесинде; учурдагы президент Додон менен катар, Аракет жана тилектештик партиясынын (PAS)лидери, мурдагы премьер-министр Майя Санду,  Кадыр-барк жана чындык платформа партиясынын төрагасы (Платформа DA) Андрей Нестасе, Молдова Либерал-демократиялык партиясынан Тудор Делю, Улуттук биримдик партиясысынан (PUN) Октавиан Цику, «Биздин» партиянын лидери Ренато Усатии, «Шор» партиясынын мүчөсү Виолета Иванов жана бир нече саясий партиялардан турган «Униреа» блогунун талапкери Дорин Чиртоака бар.



Тектеш кабарлар