АКШда «Зета» бороон-чапкыны

Бороон-чапкындан каза тапкандардын саны 6га жетти.

1518604
АКШда «Зета» бороон-чапкыны

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) түштүк-чыгыш тарабында болгон «Зета» бороон-чапкынынын айынан каза тапкандардын саны 6га жетти.

Жетекчилер Луизиана, Жорджия, Миссисипи, Түндүк Каролайн, Виржиниянын түштүк-чыгышы менен Мэрилендге жеткен «Зета» бороон-чапкынынан Литуизианада 1 адам, Алабама жана Жоржияда 4, Миссисипиде 1 адамдын каза болгонун кабарлашты.

АКШнын Улуттук ураган борбору 28-октябрь шаршемби күнү Луизиана штатынын түштүк-чыгыш тарабын 2-категорияда ура баштаган «Зета» бороонунун кечээ түштөн кийин күчүн жоготконун, шамалдын максималдуу ылдамдыгы саатына 85 чакырымга чейин төмөндөгөнүн жарыялады.

Мексиканын Юкатан жарым аралына 26-октябрь дүйшөмбү күнү саатына 130 чакырымга жеткен шамал менен жакындаган «Зета» катуу жаан-чачындарды пайда кылды.

Луизиана штатына быйыл «Лаура» жана «Дельта» бороондору да терс таасирин тийгизген болчу.



Тектеш кабарлар