Вьетнамдагы "Малове" тайфуну

Кечээтен бери Вьетнамда болуп жаткан «Малове» тайфунунан улам каза болгондордун саны 19га жетти.

1518114
Вьетнамдагы "Малове" тайфуну

Кечээтен бери Вьетнамда болуп жаткан «Малове» тайфунунан улам каза болгондордун саны 19га жетти.

Табигый апааттарды алдына алуу жана Көзөмөлдөө Борборунун Башкаруу Комитетинен берилген маалыматта кечээ борбордук аймактардан Куанг Намга таасирин тийгизген тайфун жол ачкан жер көчкүнүн көп сандаган отурукташуу жерин жок кылгандыгы белгиленди.

Табигый кырсык болгон аймакта дагы 6 адамдын сөөгүнүн табылгандыгы,  19 адамдын каза болгондугу, кеминде 64 адамдан кабар жок экендиги маалымдалды.

Жаратылыш кырсыгынан улам 40 миңден ашуун адам үйлөрүнөн чыгарылган аймакта заводдор, мектептер жана жумуш орундарынын убактылуу жабылганы маалымдалды.

Саатына 150 чакырым ылдамдыкка жеткен тайфунда кечээ 2 адам каза болуп,  шамалдан улам чөккөн бир кемедеги 26 балыкчы дайынсыз жоголду.

 

 



Тектеш кабарлар